2024- жылдын 23-сентябрында С.Мамбеткалиев атындагы Чүй университетинде мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналган жумалыктын ачылышы болуп өттү.
Университеттин ректору Ч.С.Мамбеткалиева, ЧУнун профессору Кыдыкбаева Ү.С., филология илимдеринин кандидаты Мурасартов Б.А. жана филология илимдеринин кандидаты Исмаилова Айкүмүш Аксы конокторду жана студенттерди “23-сентябрь -мамлекеттик тил күнү” менен куттукташты.
Чакырылган коноктор КРнын эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева, КРнын эмгек сиңирген артисти Бактыгүл Бокоева, маданияттын мыкты кызматкери Элзар Осконбаева жана Б. Эдигеев атындагы “Арашан” тобунун солисттери ыр майрам куруп, жаркын маанай тартуулашты. Ошондой эле СССР жазуучулар союзунун, КРнын жазуучулар союзунун мүчөсү, прозаик, акын Керез Зарлыкова кадырлуу конок болуп, өз ырларын окуп берди.


