2024-жылдын 25-сентябрында С.Мамбеткалиев атындагы Чуй университетинде мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналган жумалыктын алкагында “Кыргыздын керемет ыргактар”аталышындагы адабий кече болуп өттү. Кеченин көркүн Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков, акын-жазуучу Турдакун Сапарбаев ачып, эл-жерди сүйүү темасындагы ырларын окуп, студенттердин көңүлүн эргитишти. Ал эми кинорежиссер Мухтар Атаналиев Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган “Эсимде” фильмин көрсөтүп, комуздун жана гитаранын коштоосунда чыгармаларын аткарып берди.
Кеченин аягында С.Мамбеткалиевдин, Чүй университетинин окутуучуларынын жана китепканага жаңы түшкөн эмгектер коюлган китеп көргөзмөсү болду