Чуйский Университет

ЧУЙСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ

          2024-жылдын 3-октябрында С.Мамбеткалиев атындагы Чүй университенинде Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналган 3 айлыктын алкагында “ Мамлекеттик тилдин келечеги- улуттун келечеги” аттуу тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столду “Филология” Программасы уюштуруп, 2023-жылдын 17-июлундуга № 140 Токтомдун негизиндеги мамлекеттик тил жөнүндөгү Конститутциялык мыйзамдагы орунттуу беренелердин презентациясы көрсөтүлдү.

ЧУнун ректору Ч.С.Мамбеткалиева, окуу жана илим боюнча проректору  Н.И.Тагаева университетте болуп жаткан жана келечекте аткарыла турган мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча программа менен тааныштырышты.

Чакырылган коногубуз Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мамлекеттик тилди                         өнүктүрүү боюнча башкы адис-лингвист эксперти Эгешова А.З.  “Кыргыз тилин мамлекеттик мекемелерге жайылтуу  иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү маселелери” деген темада доклад окуду.

А.Осмонов атындагы № 9 шаардык китепкананын жетекчиси Ч.О.Орозалиева Бишкек шаарындагы китепканалардагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча маалымат берди.

Иш-чаранын жыйынтыгында Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мамлекеттик тилди                         өнүктүрүү боюнча бөлүм менен  окуу жайыбыздын ортосунда котормо иштери боюнча бир нече жолугуулар өтө турганы белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Заявка на консультацию приемной комиссии

Пожалуйста, заполните все поля формы. Представитель приёмной комиссии перезвонит в течение часа в рабочее время.

Отправляя заявку, вы даёте согласие на обработку персональных данных и соглашаетесь с политикой конфиденциальности.