С.Мамбеткалиев атындагы Чүй университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты, доцент Айкүмүш Исмаилова 75 жашта.
2025- жылдын 1-январында университеттин ардактуу окутуучусу, белгилүү драматург Айкүмүш Аксы деген ат менен таанымал болгон эжекебиз Айкүмүш Исмаилова 75 торколуу жашка чыкты.
Учурда докторлук иштин үстүндө иштеп, белгилүү окумуштуу А.Акматалиевдин чыгармачылыгын терең изилдөөнүн үстүндө.
“Мугалим- мөмөлүү дарак” демекчи, Айкүмүш Исмаилова өмүрүнүн көбүн окутуучулук, устаттык кесипти аркалап келет. Чүй университетинде “Филология” жана “Педагогика” багытындагы студенттерге орус тили сабагынан билим берип келет.
Айкүмүш Аксы – драматург. “Жаңы конуш” Каракол театры койгон.
“Махабат жана өлүм” , Нарын театрында “Акыркы коңгуроо”, Ош драмтеатрында “Алмайдын бермейи бар”, “Тактынын тагдыры” “Барпы” театрында коюлган. Өзгөн элдик театрында “Айлакер абысындар” сыяктуу спектакльдери коюлган.
Айкүмүш Исмаилова – илимпоз, изилдөөчү.
Исмаилова А. балдар үчүн “Мекеним- Кыргызстан”, “Жомоктор”, “Сказки”,”Сагын Акматбекованын көркөм дүйнөсү” ( монография) сыяктуу чыгармаларын басмадан чыгарган.