Чуйский Университет

ЧУЙСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ

С. Мамбеткалиев атындагы Чуй университетинде 26- сентябрь 2024 жылы «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамынын кабыл  алагандыгынын 35 жылдыгына арналган үч айлык иш-чаранын алкагында китеп көргөзмөсү болду.

Көргөзмөгө жетекчилик, студенттер, мугалимдер менен биргеликте ардактуу конокторубуз таланттуу инженер,  ойлоп табуучулук сунуштар боюнча СССРдин лауреаты , Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу,  өлкөнүн өнөр жайына сиңирген эмгеги үчүн бир нече орден-медалдардын жана ардактуу наамдардын ээси Надырбек Алымбеков, ошондой эле журналист, жазуучу «Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсү Шаршенбай Ажыбеков режисер жана ырчы Муктар Атаналиев келип  катышышты.

 Коноктор  студенттерге ырларын   арнап жана китептерин  белек кылышты. Ал тургай Муктар Атаналиевдин жаны тасмасынын премьерасынан жарым сааттык  узунду да көрүүгө мүмкүнчүлүк болду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Заявка на консультацию приемной комиссии

Пожалуйста, заполните все поля формы. Представитель приёмной комиссии перезвонит в течение часа в рабочее время.

Отправляя заявку, вы даёте согласие на обработку персональных данных и соглашаетесь с политикой конфиденциальности.