Чуйский университет им. С. Мамбеткалиева прошёл институциональную аккредитацию.
19–20 мая 2025 года Чуйский университет им. Султана Мамбеткалиева прошёл процедуру институциональной аккредитации, проведённую Агентством по аккредитации образовательных программ и организаций (ААОПО).
Цель институциональной аккредитации — осуществление внешней независимой оценки качества образования.
В рамках подготовки к аккредитации Чуйским университетом им. С. Мамбеткалиева, был предоставлен подробный отчёт по самооценке в соответствии с пятью стандартами качества, установленными ААОПО. Документ содержал всесторонний анализ деятельности вуза и был тщательно изучен членами экспертной комиссии.
В течение двух дней эксперты анализировали инфраструктуру университета, содержание образовательных программ, организацию учебного процесса и внутреннюю систему обеспечения качества. Были проведены интервью с преподавателями, студентами, выпускниками, родителями и работодателями, а также изучены выпускные квалификационные работы и документация.
С. Мамбеткалиев атындагы Чүй университети институционалдык аккредитациядан өттү
2025-жылдын 19–20-май күндөрү Султан Мамбеткалиев атындагы Чүй университети Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (БПУАА) тарабынан жүргүзүлгөн институционалдык аккредитация процедурасынан өттү.
Институционалдык аккредитациянын максаты — билим берүүнүн сапатын тышкы көз карандысыз баалоону жүргүзүү.
Аккредитацияга даярдык алкагында С. Мамбеткалиев атындагы Чүй университети БПУАА тарабынан белгиленген сапаттын беш стандартына ылайык өзүн-өзү баалоо боюнча кеңири отчет тапшырды. Бул документ ЖОЖдун ишмердүүлүгүнө комплекстүү анализди камтып, эксперттик комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кылдат изилденди.
Эки күндүк текшерүү учурунда адистер университеттин инфраструктурасын, билим берүү программаларынын мазмунун, окуу процессин уюштурууну жана ички сапат системасын талдашты. Ошондой эле окутуучулар, студенттер, бүтүрүүчүлөр, ата-энелер жана иш берүүчүлөр менен маектешүүлөр өткөрүлүп, бүтүрүүчүлөрдүн квалификациялык иштерин жана тиешелүү документациялар изилденди.


